Сутка ичинде Орусияда 4 миң 69 адам коронавирус жуктуруп алды. Муну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 32 миң 7ге жетти.
Ал эми оорудан көз жумгандардын саны 273кө жетсе, 2 миң 590 адам оорудан сакайып чыкты.
Илдетке кабылгандардын эң көбү Москвада. Адистер алдыда келе жаткан 2-3 аптада оору өзүнүн эң бийик көрсөткүчүнө жетерин билдиришкен.