Коңшу мамлекеттерде эпидемиологиялык абал кандай?
Өзбекстанда бир суткада 218 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен илдетти жуктуруп алгандардын саны 68 миң 730га жетти. Ал эми коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 65 миң 971ди түзөт. Өткөн суткада 2 адам илдеттен каза болду.
Ал эми Тажикстанда болсо 42 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Илдетти жуктуруп алгандардын саны 11 миң 336ны түзөт. Коронавирустан жалпы 10 миң 653 адам айыгып чыккан. Каза болгондордун саны 83 бойдон турат. Бир суткада каза болгондор жок.
Казакстанда бир суткада 610 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы саны 107 миң 843. Бир суткада илдеттен 6 адам каза болду.