"Бир кишиге 500 доллар". Бишкектеги айрым банктар долларды сатууга чектөө киргиздиби?

Бишкекте долларга болгон суроо-талап жогорулап баштады. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары "коммерциялык банктар долларды сатууда чектөө киргизишти, тагыраагы, бир адамга 500 доллардан ашык акча сатылбайт" деп жазып чыгышты. Интернет колдонуучулардын билдирүүсүнөн кийин Улуттук банкка байланышканыбызда, эч кандай чектөө жок экенин кабарлашты.

"Долларды сатууга чектөө кирген жок. Абал туруктуу, бүгүнкү күнгө карата курстун көрсөткүчү (долларды сатуу жана алуу) бир апта мурдагыдай эле. Доллардын тартыштыгы жок. Бизде доллардын запасы жетиштүү, эгерде коммерциялык банктар доллар сатып алабыз десе керектүү сумманы сатууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", - дешти Улуттук банктан.

Бүгүн, 9-мартта рублдун куну түштү. Москвада таңкы убакытта 1 доллар 72 рублга бааланса, түшкү убакытта 1 доллардын баасы 75 рублдан ашып өттү. Ал эми 1 евро таңкы убакытта 82 рублдун тегерегин түзсө, түшкү убакытта 1 евро 85 доллардан ары тоголонду.

Рубль тездик менен кунун жоготууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alishsapan
2020-03-09 19:04:14
1 евро 85 доллардан ары тоголондубу.Же рубльдан ары тоголонбодубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан