Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавируска кабылган. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазууда.
Маалыматта жазылгандай, маданият министри Франк Ристер жугуштуу вируска кабылган. "Министрдин анализдеринде коронавирустун симптомдору байкалган. Азыркы учурда анын абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.
Ал бир апта мурун Улуттук ассамблеяда жыйын өткөргөн. Бүгүнкү күндө жыйынга катышкан депутаттардын бешөөнөн коронавирус аныкталды.
Учурда Францияда 1 209 адам кооптуу делинген вируска кабылган, алардын ичинен 19у каза болсо, 12 адам айыккандыгы маалым.