Индияда жана Африкада коронавируска каршы жасалма вакцина аныкталды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африка жана Индия өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөөдө колдонулуп жаткан Covishield вакцинасынын жасалма версиясын аныктады. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, жасалма вакцинаны колдонуу июль, август айларында катталды.

"Serum Institute of India" фармацевтикалык компаниясы дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна вакцина жасалма экенин тастыктаганы айтылат маалыматта.

Уюмдун кызматкерлери жасалма вакцина дүйнө элинин саламаттыгына олуттуу коркунуч келтирерин эскертип, бул вакцинаны жүгүртүүдөн алып салууга чакырды. Ал эми Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бул окуяга байланыштуу бир дагы индиялык жасалма вакцина албаганын текшерүү ниети бар экенин белгилеген.

Акыркы айларда бир катар батыш массалык маалымат каражаттарына Индияда COVID-19 менен жабыркагандарга вакцинанын ордуна туздуу суу берилгени боюнча кабарлар чыккан. Махараштра штатынын саламаттыкты сактоо министри Ражеш Топ дагы коронавируска каршы эмдөөдө көз боёмоочулук болгон фактылар бар экенин тастыктап, жабырлануучулар антителого тест тапшырат деп ишендирген.

Covishield вакцинасы - COVID-19га каршы Oxford-AstraZeneca вакцинасынын жергиликтүү аталышы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан