Акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Каза болгондордун бири 1984-жылы туулган. Ал борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. 11-июнда Бишкектен Жалал-Абадга тажияга барган. Маркум Бишкекте жүргөндө эле оорунун белгилери байкалып, өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонгону белгилүү болду. Ден соолугуна карабастан Жалал-Абадга барган. 12-июнда абалы начарлап, Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, 16-июнда кайтыш болду. Ага эки тараптуу пневмония, коронавирус диагнозу коюлган", - деди Үсөнбаев.
Ал эми экинчи бейтап 16-июнга карата Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатканда COVID-19 вирусу тастыкталып, рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы эркек киши жалпы статистикага киргизилди.
Өлкөдө коронавирус илдетинен кайтыш болгондордун саны 30га жетти.