Бүгүн, 31-мартта Италияда коронавирустан көз жумгандарды эскерүү мүнөтү өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Өлкө боюнча желектер түшүрүлүп, вирустун курмандыгы болгон жарандар менен дарыгерлердин элесине арналган эскерүү мүнөтү жарыяланды. Коронавирус пандемиясы 31-мартка карата Италияда 11 миң 591 адамдын өмүрүн алган. Алардын арасында эпидемия менен күрөшүп, бейтаптардын өмүрүн сактап калабыз деп жатып каза болгон дарыгерлер дагы бар", - деп айтылат маалыматта.