Чемпиондор Лигасы: "Барселона" - "Наполи" беттеши күйөрмандарсыз өтөт

Футбол боюнча Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы испаниялык "Барселона" клубу менен италиялык "Наполи" клубунун жооптук беттеши коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Мындай чечим бүгүн, 10-мартта Испания өлкөсүнүн өкмөт өкүлдөрү менен "Барселона" клубунун жетекчилеринин жолугушуусунда кабыл алынган.

Бул эки команданын биринчи беттеши Неаполь шаарындагы "Сан Паоло" стадионунда өтүп, командалар 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Ал эми жооптук беттеши 19-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Барселона шаарындагы 99 миң 354 адам бата турган "Камп Ноу" стадионунда күйөрмандарсыз өтмөкчү.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда 1235 адам коронавирусту жуктуруп алса, 31 адам бул илдеттин кесепетинен каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz40
2020-03-11 10:52:26
Фанаттар жок футбол кызыксыз болот экен, Барселона Наполи жыртып ал эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан