Диний ишмер Өзбек Чотоновдун абалы орточо оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Өзбек Чотонов пневмония оорусуна чалдыккан. Ал учурда Токмок шаарындагы ооруканада орточо оор абалда дарыланып жатат.
Ал эми Өзбек Чотоновдун күйөө баласы Шермухаммед Ташматовго байланышканыбызда, анын абалы бир аз жакшы болуп калганын айтты. "Кечээкиге салыштырмалуу бүгүн абалы бир аз жакшы. Өпкөсүнүн 60 пайыздан ашыгы жабыркаптыр", - деди ал.
Буга чейин дин аалымы Чубак Жалилов пневмония оорусунан каза болгондугу маалымдалган.