Түркияда биринчи жолу коронавирус катталды

Түркия өлкөсүндө биринчи жолу кооптуу делинген коронавирус катталды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, азыркы учурда дүйнөгө кулачын кенен жайып жаткан вирус Түркия өлкөсүндө биринчи жолу катталган. Бул маалыматты Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирген. Анда Европадан келген эркек кишиден вирустун белгилери табылган. "Азыркы учурда ал адам карантинде. Абалы канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда вирус 100дөн ашык өлкөдө катталган. Бүгүнкү күнгө карата дүйнө жүзү боюнча 118 миң 745 адам вирусту жуктуруп алган. Вирустун очогу болгон Кытайда 80 миң 954 адам жабыркаса, ал эми Италияда вирусту 10 миң 149 адам жуктуруп алып, вирустун экинчи очогуна айланды.

Түркия өлкөсүндө 30 миңден ашуун Кыргыз жарандары бар.

11-16-мартта Казакстанга коронавирус келеби? Илдет тууралуу акыркы жаңылыктар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbany
2020-03-11 09:49:13
Кудай сакта
+7
limuna
2020-03-11 22:53:31
Мен туркиядамын 25 де кетем кайра 10 апрелде келем кандай болоор экен десенер Эми Кыргызстанга барсам 15 карантинге алат деп жатышат озу 15 кунго эле кетип аттым эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан