Коронавирус менен ооруган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө качып кетти деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"21-март күнү айрым маалымат каражаттарында жарыяланган "Умрага барып коронавирус жугузуп алган жарандын кызы Ноокаттан Чүйгө түнү менен качып кеткен" деген аталышта маалымат таркаган. Ноокаттан качып кетти деген жаран 1979-жылы Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылында туулган М.М. өмүрлүк жолдошу ошол эле айылда 1975-жылы туулган М.Т. менен 16,15 жана 6 жаштагы балдары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында 13 жылдан бери жашап жаткан.
13-март күнү аялдын апасы кичи ажылыкка барып келгендиктен, зыярат кылуу максатында Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылына апасынын жанына келген. Апасы учурда Жаӊы-Ноокат айылында обсервацияда жатат. Ал эми кызы апасы коронавирус жуктуруп алган адамдардын катарында болгондуктан, тесттен өткөрүү максатында анализ тапшырган. Ал учурда 3 баласы, күйөөсү менен Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ооруканаларынын биринде обсервацияда жаткандыгын билдиребиз. Качып кетти деген маалымат туура эмес", - деп жазылат маалыматта.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, коронавирус аныкталган жарандын кызы Ноокат районунан Чүй облусуна такси менен качып келгендигин айткан.