Коңшу мамлекеттерде эпидемиологиялык абал кандай болуп жатат? Өзбекстанда бир суткада 215 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Өткөн суткада 1 адам каза болду. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 68 мин 945ти түзөт.
Тажикстанда өткөн суткада 40 жаран илдет жуктуруп алган. Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор жок. Жалпы 11 миң 376 адамдан коронавирус илдети аныкталган.
Ал эми Казакстанда болсо 564 адамдан коронавирус аныкталды. Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 117 миң 336ны түзөт. Бир суткада 7 адам илдеттен каза болду.