2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт.
Кабыл алуунун графиги:
13-31-июль
1-тур – Документтерди онлайн каттоо:
3-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеги илинет;
3-6-август
– Абитуриенттердин орто кесиптик окуу жайларына кабыл алууну каалоосун тастыктоосу;
1-20-август
– 2-тур – Документтерди онлайн каттоо;
22-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеги илинет;
23-30-август
– Абитуриенттердин орто кесиптик окуу жайларына кабыл алууну каалоосун тастыктоосу.
Абитуриенттердин арасында конкурс орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик сабактын баасын эске алуу менен өткөрүлөт. Бул процесс атайын формуланын негизинде эсептөө менен жүргүзүлөт.