Иранда калган Кыргыз жарандары чек арадан өтүп баштады

Коронавируска байланыштуу Ирандан Кыргыз өлкөсүнө келе албай калган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чек арадан өтүп баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Иран өлкөсүнүн коронавируска байланыштуу жүргүзгөн профилактикалык иштерине байланыштуу 62 жүк ташуучу Кыргыз жарандары ал жакта калууда. Алар транзит менен Кыргыз өлкөсүнө келүү үчүн Иран-Түркмөн жана Иран-Азербайжан чек арасынан өтө албай калышкан. Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча кыргыз тарап Азербайжан Республикасынын компетенттүү ведомствосу менен аталган өлкөнүн аймагы аркылуу өткөрүү тууралуу сүйлөштү. 9-11-март күндөрү Иран-Азербайжан чек арасында турган 23 жүк ташуучу унаанын 11и өттү. Калган 12 унаа жана айдоочулары паспорттук-бажы көзөмөлдөн текшерилген соң өтө башташат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Иранда коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу 29-февраль күнү Азербайжан Иран менен чек арасын 2 жумага жапкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-03-11 17:24:23
Кудай сактасын эми, жуктурбай эле келишсе экен, келери менен карантинге киргизиш керек.
+4
anash
2020-03-11 17:53:52
Кобунчосу курттор кыргызтандык
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан