Сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде саламаттыкты сактоо министринин өкүлү маалымат жыйында билдирди.
Алар:
Бишкек шаары - 2;
Ош шаары - 2;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 4;
Нарын облусу - 16.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.