"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 10 миңге чукул адам коронавирустан каза болду

Бүгүн, 18-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 109 миллион 869 миң 477 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 61 миллион 843 миң 561 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 428 миң 155 (+9739) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 820 миң 237 болду. 490 миң 160 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 937 миң 320 адамдан аныкталды. 155 миң 913 адам каза болсо, 10 миллион 644 миң 858 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 9 миллион 978 миң 747 адам вируска кабылган. 242 миң 90 бейтап көз жумса, 8 миллион 933 миң 402 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан