Өткөн суткада 1 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 6 миң 862 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан 1 медицина кызматкери айыгып чыкты. Республика боюнча 6 миң 749 медицина кызматкери илдеттен айыккан.