Кадамжайдын жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасынын медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү

Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кыямдар азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.

“Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургундары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медкызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет”, - деп билдирди “Кадамжай” жардам штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөтүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaiurgul
2020-08-05 02:29:59
Азаматтар Аллах раазы болсун сиздерден жакшылыктарда да бири бирибизди колдоп турсак Кыргызстан тез онугуп кетет элек куч биримдикте алга кыргызым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан