Депутат коронавируска байланыштуу мектеп окуучуларын жана студенттерди каникулга чыгарууну сунуштады

Депутат Бактыбек Турусбеков дүйнө жүзүндө коронавируска байланыштуу чараларды көрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал мектеп окуучуларын жана студенттерди каникулга чыгарууну сунуштады. "Мектеп окуучуларын жана студенттерди каникулга чыгарып, окууну жай мезгилине жылдыруу керек. Ошондой эле той, массалык иш-чараларды токтотуу зарыл. Бул улуттун саламаттыгына байланыштуу сунуш", - дейт депутат.

Депутат Тазабек Икрамов дагы мектептерди жана бардык окуу жайларын бар айга жаба туруу зарыл экенин айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Samatalibei
2020-03-12 11:38:29
Туура айтат алдын алуу керек!
+11
asefsa
2020-03-12 12:25:09
Ооба туура алдын алуу керек,Кудайда сактансан сактайм дейт!
+6
aydinnur
2020-03-12 13:10:11
Туура сунуш!Минздравтын абалын коруп жатабыз го,олко ичин эмес,оору тараган олколордон келгендерди текшербей кое берип жатышты,коомчулук сынга алмайынча..Кокус бирдеме болсо алапайын таппай калаары турган иш.
+9
bekbol2006
2020-03-12 13:12:04
Туура
+4
Tolkun555
2020-03-12 15:54:58
Студенттерди казактарга окшоп онлайн сабак Алууга откоруп туруш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан