"Карантинде иштебеген дарыгерлерге каражат берүү токтотулат" деген буйрук боюнча министрлик билдирүү жасады

Интернетке карантинде иштебеген медицина тармагынын кызматкерлерине маяна берүү токтотулат деген саламаттыкты сактоо министринин буйругунун сүрөтү тарап, талкуу жаратты. Бул боюнча аталган министрликтин басма сөз кызматынан расмий билдирүү жасашты.

"Өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу боюнча, коронавирус пандемиясы учурунда кооптуу делинген топко кирген (улуу курактагы, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуулар жана башкалар) жумушчуларды аныктоо, кадрларды кайрадан бөлүштүрүү жана саламаттыкты сактоо уюмунун жумушчуларынын санын мыйзам чегинде кыскартуу каралган. Ошондой эле үнөмдөлгөн маянаны кайрадан карап чыгып, өзгөчө кырдаал учурунда иштеп жаткан жумушчуларга бөлүштүрүп берүү каралган.

Мындан улам эпидемиологиялык абалга байланыштуу убактылуу иштебей калган кызматкерлерге айлык берүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу 15-апрелде чыккан. Бирок келип чыккан айрым кемчиликтерден улам бул буйрук жокко чыгарылды. Учурда бул маселе Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте каралып, өкмөттүн долбоору даярдалып жатат. Бардык жагдайлар тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен кеңешип чечилет", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurgaz
2020-04-19 22:23:39
Туура эле буйрук экен, иштебеген дарыгерлерге, мугалимдерге толобой эле коюш керек.
-4
Dembele84
2020-04-19 23:33:59
Туура чечим,не надо оплачивать!
-4
mirlanpiter
2020-04-20 02:10:03
Иштебесе да айлык акы төлөнүүшү керек,жарытып негизи айлык акы жок,анан аны да бербей койсо,ал не деген акмакчылык!!!!... саламаттык сактоо министрлиги өзү айлыгынан баш тартсын креслодо отуруп алып айлык албай
0
asefsa
2020-04-20 08:16:05
Башында иштебеседа айлык акы сакталат деп айтышбады беле?
0
Nemo_0587
2020-04-20 22:46:01
Бир эле мед кызматкер эмес, бардык мекемеде иштеген адамдарга төлөнүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан