Европада жашы улгайган адамдарга жылдын аягына чейин карантинде болуу сунушталды

Коронавирус пандемиясынан улам Европа чөлкөмүндө улгайган адамдарды ушул жылдын аягына чейин карантинге алууну Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен сунуштаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Азырынча бул ооруга вакцина жок, улгайган адамдар менен байланышты мүмкүн болушунча чектөө керек. Мен обочолонуу кыйын экенин билем. Бирок бул өмүр менен өлүмгө байланыштуу, ошондуктан тартипти сактоо керек", - деп билдирген Ляйен.

Европа комиссиясынын башчысы коронавируска каршы вакцина иштелип чыкпаса, улгайган адамдар үчүн үйдөн чыгып кетүү кооптуу экендигин түшүндүрдү. Анын айтымында, жыл аягына чейин окумуштуулар коронавируска каршы вакцина иштеп чыгат деп үмүттөнөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан