"Кыргыз өлкөсүнүн аймагына коронавирус менен жабыркаган жарандар келип жатат" деген жалган маалыматтар дагы деле тарап жатат. Бул ирет мессенжерлер аркылуу "Өлкөгө келген германиялык коронавирус менен жабыркай турганы аныкталды, ал инфекциялык ооруканада" деген билдирүүлөр тарады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Германиянын жараны келгенин ырастап, "ал коронавирус менен жабыркабайт, анын диагнозу башка" деп билдирди. Ал эми республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери бейтаптын абалы жакшы экенин айтып, буларга токтолду.
"74 жаштагы Германиянын жараны 11-мартка караган түнү биздин ооруканага келип түштү. Алгач менчик клиникага кайрылган, ал жактан бизге жөнөтүшүптүр. Бейтаптын дене табы жогору болуп жаткан, учурда абалы канааттандырарлык, дене табы түшүп, тамак ичип калды. Коронавируска медициналык тест тапшырып, жыйынтыгында вирустун белгилери аныкталган жок. Анын диагнозу - эки тараптуу өпкө оорусу", - дейт ал.