Жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине жарыяланган "Кыргызстан COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи" деген макалага байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү жасады.
Белгилүү болгондой, тиешелүү кызматтар лаборатория (U07.1) тарабынан тастыкталган клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталган (U07.2) COVID-19 илдети боюнча статистиканы бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган.
"2020-жылдын 17-июлунан баштап күнүмдүк статистика күн сайын 1000 оорулууга көбөйгөнүн көрсөтүп турат, бул кескин секирик эмес. Бирок статистикалык маалыматтардын бириктирилгендигине байланыштуу 17-июлда дароо эле 10 миң 995 учур автоматтык түрдө кошулду. Бул сандар эл аралык эсептегичтерге оорунун жана өлүмдүн жаңы учурлары болуп кошулду. Айрым мамлекеттин өкмөтү дагы ушундай кадамдарды жасашты.
Саламаттыкты сактоо министрлиги "New York Times" басылмасынын COVID-19 илдети боюнча картасын карап чыкты.
Аталган басылманын картасында Кыргыз Республикасында акыркы 7 күндүн ичинде оорулуулардын көбөйүшү боюнча жана каза болгондордун саны боюнча 100 миң калкка 266 учурду түзөт деп көрсөтүлгөн. Маалыматтардын туура чагылдырылышы үчүн министрлик статистика жаңыртылгандан бир аптадан кийин ошол сайтка кирүүнү сунуштайт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун күнүмдүк отчётуна ылайык, Кыргыз өлкөсү COVID-19 илдетинен каза болгондор боюнча 62-орунда (формуланы колдонуу менен каза болгондордун саны COVID-19 аныкталган адамдардын жалпы санына бөлүнөт жана көбөйтүлөт) турат. Эгерде биз 1 миллион калкка эсептөө формуласын колдонсок, анда өлкөбүз 30-орунда болот (https://www.worldometers.info/coronavirus/).
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги амбулатордук негизде дарыланган жана дарыланып жаткан бейтаптарды эсептейт, ошондуктан өлүмдүн деңгээли так аныкталат.
Жарандар арасында пайда болуп жаткан дүрбөлөңгө байланыштуу, биз дагы бир жолу ЖМКларды маалыматтарды туура чечмелөөгө чакырабыз, мисалы, биринчи учур катталган күн, жалпы калктын санына же иштин санына жана экономикалык өнүгүү сыяктуу айрым көрсөткүчтөрдүн салыштырмалуулугу эске алынат", - деп айтылат маалыматта.