Орусиянын 49 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 1 миң 667 адам коронавирус жуктуруп, 12 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Бир суткада коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен:
Москва шаарында 1 миң 30 адам;
Москва облусунда 152 адам;
Санкт-Петербург шаарында 80 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын 82 аймагынан жалпы 13 миң 584 адам коронавирус жуктуруп алды. 106 адам каза болсо, 1 миң 45 адам бул оорудан айыгып чыкты.