Ош шаарында коронавирус эпидемиясы боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.
"Учурда Ош шаарында коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус илдети менен ооругандар катталган жок. Шаар аймагында коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам штаб тарабынан эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Келген жарандардын бардыгы алгоритмдин негизинде тепловизордон өткөрүлүп, дене табы жогору болгондор, ден соолугуна даттангандар катталган жок. Ош облусунда жана Ош шаарында жашаган Кытайдан жана башка вируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирген мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында жалпы 449 койкалар (обсерватор) жана изоляторлор даярдалган (Ош шаарында 232 кошумча койкалар, изоляторлор даярдалды).
Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коомдук тамактануу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбор жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилди. Калк арасында, билим берүү жана мекеме-ишканаларда тийиштүү адистердин катышуусунда коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.