Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова Түркияда калып калган Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү маселесин парламентте үчүнчү жолу көтөрүп жатканын эскертти.
"Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарында биздин 400гө жакын жарандарыбыз өлкөгө келе албай жатышат. Ал жакта онкологиялык оорулуулар, ооругандарды карагандар, кандайдыр бир белгисиз себептер менен баргандар бар. Алды мейманканаларда, арты көчөдө жүрүшөт. Алар алып ичкенге суубуз калбай калды, көчөгө да чыга албай жатабыз деп кайрылып жатышат. 14 күн обсервацияда жатканга да макул болуп жатышат. Бөтөн жерде жатканча, Кыргыз мамлекетинде жок дегенде ажатканада болсо да жаталычы деп кайрылышууда. Канча акча болсо да төлөйбүз деп жатышат", - деди Мусабекова.