Буга чейин интернетке обсервацияда жаткан аялдын милиция кызматкерине "Шашлык таап кел, котлет болобу, шашлык болобу жакшы тамак алып келип бер" деп айтып жаткан видеосу тараган.
Ал видео социалдык тармактарда талкууга алынып, ага Ош шаардык милициясы "Милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт" деген билдирүүнү тараткан.
Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков бул окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"Ал аял Орусиядан келип, обсервацияда жаткан. Кечээ, 24-мартта үйүнө чыгарылды. Ал эми вирус боюнча тапшырган анализдери таза чыкты", - деди басма сөз кызматкери.