Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев коронавирус чуусунан улам Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадды токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбуктагы баракчасына жазган.
"Коронавирус оорусу коркунуч жаратып жаткандыгына байланыштуу Касым Жомарт Токаев Нооруз майрамын жана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып борборубузда уюштурула турган аскердик парадды токтотуу чечимин кабыл алды", - деп жазган басма сөз кызматкери.
Маалыматка ылайык, 16-марттан баштап Казакстанда окуучулар коронавирус чуусунан улам убагынан эрте каникулга тарашат. Ал эми жогорку окуу жайлары 15-марттан баштап онлайн окутууга өтө тургандыгы маалым болду.