Ош облусунун Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармалган маркумдун жубайы 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту чечимди 4-март күнү чыгарган. Анда айыпталуучу П.Г. угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 90 миң сом айып салынды.
"Ал эми соттолгон аялдын 2014-жылы жана 2015-жылы туулган балдарын туугандарына өткөрүп берүү маселеси Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө милдеттендирилди. Ош шаардык сотунун өкүмү акыркы эмес жана нааразы тарап апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. аттуу келинди кармашкан. Келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алган. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, маркум 1973-жылы туулган Ы.Ү. өз аялы менен өз ара пикир келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон.
2019-жылдын 19-ноябрында болжол менен саат 23:30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен башына үч ирет чапкан. Натыйжада маркум Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө "Тез жардам" кызматын аялы жана коңшусу чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, коңшусуна "сырттан жараат алып келип, жатып калды" деп айткан. Каза болгон жаран Ош шаарында маршруттук такси айдап иштеген. 4 баланын атасы болгон.