Англия Премьер-Лигасында (АПЛ) ойногон "Арсенал" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу испаниялык Микель Артета коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Мен абдан капамын. Өзүмдү жаман сезгендиктен, тест тапшыргам. Мага уруксат берери менен жумушума кайтып келем", - деп билдирген 37 жаштагы башкы машыктыруучу.
"Арсенал" командасынын Англия Премьер-Лигасынын алкагындагы 14-мартта "Брайтон" командасы менен конокто боло турчу оюну токтотулган. Учурда бул команданын машыгуучу борбору толугу менен жабык.