Өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирустун алдын алуу максатында бир катар чечимдерди кабыл алды. Чечимдер дүйнөдөгү мусулман мамлекеттеринин диний фатваларын эске алуу менен кабыл алынганын Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазын чогулуп окуу убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун;
2. Мечиттер жабылбайт, намаз убактыларын билдирүү үчүн азан айтылып турсун;
3. Беш убак намаз үйдө окулуусу сунушталат;
4. Даават иштери боюнча убактылуу чектөөлөр киргизилсин;
5. Жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Муфтий Максатбек Токтомушов кабыл алынган чечимдерге байланыштуу жарандарга расмий кайрылуу жасайт.
"Коронавирус инфекциясы бүткүл дүйнөгө тарап жатат. Бүгүнкү күндө вирустун өлкө аймагына кеңири тарап кетпеши үчүн өкмөт башчысы өлкөдөгү маданий, спорттук жана билим берүү иш-чараларына чектөөлөрдү киргизди. Ошондой эле диний башкармалыкка өлкөдөгү диний мекемелердеги иш-чараларга чектөө киргизүү боюнча сунуштарын берди.
Урматтуу мекендештер, адам баласынын жанын, мал-мүлкүн, ишенимин, аброюн, ден соолугун сактоо динибиздин негизги максаты. Ошондуктан ден соолукка коркунуч жаралган абалда шариятыбыз өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жеңилдиктерге уруксат берген. Ислам дини оордукка эмес, жеңилдикке негизделген", - деди ал.