Коронавируска каршы дары ойлоп табуу үчүн инфекцияны жуктурууга макул болгон 1000 ыктыярчы чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
11-мартта бул жарыяга 1000 чакты киши макул болуп, эксперимент кылууга даяр экендиги маалым болду. Шартка ылайык, ыктыярчылар алгач бир нече анализ тапшырып, текшерүүдөн өтөт. Андан соң коронавирустун жеңил түрү жуктурулуп, атайын кийимчен дарыгерлер күн сайын ыктыярчылардын вируска реакциясын көзөмөлдөп турушат. Эксперимент жүргүзүлгөн ыктыярчы орточо 11-14 күн ооруканада жатат.
Буга чейин Лондондун лабораториялык борбору эксперимент жүргүзүү үчүн коронавирусту жуктурууга макул болгон ыктыярчыларды издегендиги тууралуу жазылган.