Ош облусунун аймагында жалпысынан 31 блокпост жана 51 санитардык карантиндик посттор коюлду

Ош облусунун аймагында жалпысынан 31 блокпост жана 51 санитардык карантиндик посттор коюлду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Коронавирустун жайылып кетишине жол бербөө максатында Кыргыз өлкөсүнүн аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 22-март күнү эртең мененки саат 07:00дөн баштап Ош облусунун райондоруна блокпосттор коюлду.

Алай районунда 2, Араван районунда 3, Кара-Суу районунда 11, Кара-Кулжа районунда 3, Өзгөн районунда 3, Ноокат районуна 8 блокпост жана 28 санитардык карантиндик пост, Чоң-Алай районунда 1 блокпост коюлду. Жалпысынан Ош облусунун аймагында 31 блокпост жана 51 санитардык карантиндик посттор өз ишин баштады.

"Аталган посттордо милиция кызматкерлери менен медицина кызматкерлери иш алып барышууда. Посттордун негизги тапшырмасы коронавирус менен ооругандарды аныктоо, оорулуулар менен байланышкандарды тактоо жана ооруну башка жакка жугузуп алуу коркунучуна бөгөт коюу. Бул иш-чаралар жарандарыбыздын ден соолугу үчүн кам көрүлгөн иш-чаралар. Бүгүндөн баштап жарандар өздөрү жашаган аймактан сыртка чыгууга чектөө киргизилет. Ошондуктан жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Албетте, эркин жүрүүгө чек коюу ар бир жаранга жага бербесин түшүнүп турабыз. Бирок жалпы калкыбыздын ден соолугу үчүн ушундай кадамдарга барууга туура келүүдө. Азык-түлүк жана дары-дармек, ошондой эле жашоого заарыл болгон товарларды ташыган ишкерлердин ишине тоскоолдук жаратылбайт. Убактылуу ыӊгайсыздык жараткандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан