Коронавирус илдети башталгандан бери 11 адамга кылмыш иши козголсо, 44 жаранга айып салынды

Коронавирус оорусу башталгандан бери мыйзам бузган жарандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бүгүн, 27-майда Өкмөт үйүндө болгон онлайн маалымат жыйында билдирди.

"98 жарандын 44ү үй карантин эрежесин бузган. Аларга жалпы 129 миң сом айып салынган. Учурда анын 44 миң сому өндүрүлдү. Өзгөчө абал эрежесин сактабаган 9 жаран жоопко тартылса, 5 жаран санитардык эрежени бузган. Ал эми 28 жаран чектөө киргизилген аймактар боюнча жоопко тартылууда. 11 жаранга кылмыш иши козголсо, бир адам вирусту жашырганы боюнча айыпталууда", - деди Каниметов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан