Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза мөөнөтүн өтөө жайларындагы өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялашкан.
Азыркы учурда дагы абактагылар ачкачылыкты улантышууда. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө жана аларга Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери дагы кабар алышкан.
Буга чейин ЖАМКтын №1, №16, №19 жана №25 мекемелеринде отурган соттолуучулар сот жана прокуратура органдарынан алардын конституциялык укуктарын коргоп берүүнү талап кылып, ачкачылык жарыялашкан.