Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза мөөнөтүн өтөө жайларындагы өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришет.
Ага ылайык ЖАМКтын №1, №16 №19 жана №25 мекемелеринде отурган соттолуучулар сот жана прокуратура органдарынан алардын конституциялык укуктарын коргоп берүүнү талап кылышкан.
"Ачкачылык жарыялаган 200 адам соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде алардын иши кайра каралыш керектигин билдиришкен. Ал эми Жаза аткаруу кызматы жазык мыйзамдары 2019-жылы өзгөртүлгөнүн жана андагы мунапыс берүү мыйзамына ылайык, алардын ишин кайра карап чыгуу боюнча 2019-жылы эле тиешелүү мекемелерге кайрылуу болгонун белгилешет. Бирок соттор аны канааттандыруудан баш тартып койгондуктан, ачкачылык жарыялоо негизсиз", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, азыркы тапта ЖАМКтын жаза өтөө мекемелеринде өмүр бою эркинен ажыратылган 347 адам отурат.