Англия Премьер-Лигасында ойногон лондондук "Челси" командасы толук курамы менен коронавируска шектелип карантинге алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Клубдун карантинге алынганынын себеби клубдун жарым коргоочусу англиялык Каллум Хадсон-Одоинин коронавирус жуктуруп алгандыгы себеп болгон. Бул футболчудан коронавирустун белгилери 9-мартта эле байкалган. Футболчу тестти 12-мартта тапшырган жана коронавирус оорусу жуккандыгы аныкталган. Фрэнк Лемпардтын командасы 14 күн карантинде болмокчу.
"Челси" командасы кийинки беттешин АПЛде эртең, 14-март күнү "Астон Вилла" командасына каршы өткөрмөк жана кийинки беттешин 19-мартта Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттешинин негизинде германиялык "Бавария" клубуна каршы өткөрөт.