"Суюктук көп ичип, тамагымды туздуу суу менен чайкадым". Орусияда жашаган мекендешибиз коронавирустан үй шартында кантип дарыланганын айтып берди

Орусияда коронавирус суткасына 10 миңдеп катталууда. Мындай көрсөткүч менен аталган өлкө илдетти жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарын толуктады. Карантин учурунда жумушсуз калган мигранттарыбыздын айрым бөлүгү мекенине кайтып келсе, көбү ошол жакта калган.

Көпчүлүктөй болуп Москва шаарында көп жылдан бери эмгектенген мекендешибиздин бири Нурсейит Султановдун SUPER.KG порталына берген маалыматына ылайык, азыркы тапта мигранттардын көбү эле коронавирус илдети менен ооруп, бирок үйдөн дарыланышууда.


- Саламатсызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы? Азыркы тапта абалыңыз кандай?

- Буюрса, абалым салыштырмалуу жакшы. Мындан 1 ай мурун батирдеги бир адамдан коронавирус аныкталган. Жашоочулардын баары анализ тапшырып, дагы 2 адамда вирус бар экени аныкталды. Бизге жуктурган жигит жана дагы бир адам ооруканага жатып чыгышты, мен болсо үйдөн дарыландым.

- Үйдөн дарыланууга мүмкүн бекен? Абалым оорлошуп кетет деп корккон жоксузбу?

- Мен батирдин ээсимин. Үч бөлмөлүү батирде 6 киши жашайбыз. Бир бөлмөдө жаш жубайлар, экинчи бөлмөдө 2 жигит, ал эми үчүнчү бөлмөдө мен жубайым менен жашайм. Алгач жигиттердин бирөөсүнүн дене табы көтөрүлүп, жөтөлө баштады. Дароо эле "Тез жардамга" чалдык, бирок алгач телефон аркылуу көрсөтмөлөрдү берип, дагы 3 күн байкап көрүшүбүз керек экенин айтты. Анткени ал учурда сезондук сасык тумоо менен ооругандар да көп болуп жаткан экен. 3 күндүн ичинде анын дене табы түшкөн жок, кайрадан "Тез жардам" кызматын чакырдык, алар келип ооруп жаткан баланы алып кетишти, көп өтпөй бизден тест алышты. Жыйынтыгында менден анан коңшу бөлмөдө жашаган келинден коронавирус аныкталыптыр. Келин кош бойлуу болгондуктан, аны да ооруканага алып кетишти, ал эми мен үйдөн дарыландым. Кийин калган үчөөнөн дагы вирус аныкталды, алар деле үйдөн дарыланышты. Менин жубайымдыкы вирус аныкталганы менен эч кандай белгилери байкалган жок. Ал эми калгандарыбыз жакшы эле оорудук.

Алгач өзүмдү алсыз сезип, дене табым көтөрүлдү, бирок жөтөлгөн жокмун. 4-5 күндөй дене табым көтөрүлүп, такыр жыт жана даам сезбей калдым. Сасык тумоодогудай эле суюктукту көп ичип жаттым. Дарыгерлер мен ооруну жеңил көтөрүп жатканымды, үйдөн эле дарылануумду айтып, көрсөтмөлөрдү беришти. 2 апта дегенде жакшы болдум окшойт. Мен көп жылдан бери бул жакта жашагандыктан, Орусиянын жарандыгын алгам. Дарыгерлер ооруканага алып кетпей койгондо мигранттарга ушундай мамиле кылып жатышат го деп ойлодум, бирок кийин орус улутундагы коңшуларыбыздан дагы оору аныкталды, аларга деле көрсөтмө берип үйдөн дарылан дешиптир. Өтө катуу ооругандарды жана өнөкөт оорусу барларды гана ооруканага жаткызып жатыптыр. Мындан улам дагы ооругандардын саны күн санап өсүп жатат го дейм.

- Оорудан вакцина табыла электигин баары жакшы билет, а сиздер эмне дары ичип жаттыңыздар?

- Менин дене табым гана көтөрүлүп, башым ооруп жатты. Башында 2-3 күн дене табымды түшүрүү үчүн парацетамол ичип жаттым. Анан дагы сөөктөрүм ооруду, тим эле ийне менен сайгылап жаткансып. Дене табым кичине түшкөндөн кийин суюктук көп ичтим. Ысык чайга лимон жана имбирь кошуп ичип жаттым. Туздуу суу менен тамагымды чайкадым. Ошентип 2 аптадай жатып анан айыгып кеттим. Балким, мен жеңил түрү менен ооруган үчүн оору ушундай өттү, ал эми башкаларга айтаарым, абалыңыздар оорлошуп бара жатса, дароо тиешелүү жактарга кайрылыңыздар.

- Коронавирус жок дегендерге кандай карайсыз?

- Вирус бар үчүн дүйнө жүзүндө жүз миңдеген адамдар көз жумуп жатат да. Болгону ар бир адам бул вирусту ар кандай көтөрөт экен. Бирөө өзү ооруганын деле сезбей калат экен, бирок буга карабастан ал оорунун алып жүрүүчүсү да. Ошон үчүн өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн бардык эрежелерди сактап, этият болуу керек.

Азыркы тапта Орусияда көп эле мекендешибиз ооруп жатат. Социалдык тармактарда өзүбүздүн топторубуз, чаттарыбыз бар. Ал жактан көбүнчөсү үйдөн дарыланып жаткандыгын айтып жатышат. Мигранттар гана эмес, жергиликтүүлөрдүн көбүнчөсү деле үйдөн дарыланууда, эгерде вирустун жеңил түрү болсо. Ошон үчүн мигранттарга жакшы мамиле кыланбай жатат дегенден алысмын.

- Мекендештерибизге эмне деп кайрылат элеңиз?

- Жаңылыктардан окуп жатабыз, биздин өлкөдө оорунун жайылып кетпеши үчүн жакшы эле аракеттер көрүлүп жатат. Мисалы, Кыргыз өлкөсүндө үйдөн дарыланган эч ким жок, оору аныкталса дароо ооруканага алып кетишип, эгерде катнашта болгон болсо обсервацияга жаткырып жатышат. Ошондо деле эл нааразы болуп жатат. Эң негизгиси эрежелерди сакташ керек.

Чектөөлөр алынгандан кийин оорунун 2-толкуну жүрүшү мүмкүн деп жатышат, ага эл жол бербеши керек деп эсептейм. Ар бир адам өз саламаттыгына гана эмес, жанындагылардын саламаттыгына да жооптуу. Бул жакта бет кабы жана кол кабы жок жүргөндөргө айып пул салынып жатат. Буюрса, тартип менен илдетти жеңебиз деп эсептейм.

- Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
radostmoya
2020-05-13 08:30:27
Күздө бекен, үй бүлөөбүз м.н грипп болдук. Жөтөлттү, ысытма берди, сөөктөр сайгылашып ооруду, даже көздөр жылса ооруду. Окшош го, ыя?
+4
Agayu
2020-05-16 07:20:55
Азыр тырнагың ооруса да Ковид 19 шылтооломой .Как будто өмүрү оорубагандай. Грипп деген бардык слабый жерди козгоп оруткан вирус .Жаз келер мезгилде Коронавирустун симптому пайда болду жыт сезбей калуу , такыр түшүнбөдүм .
0
muslima89
2020-05-16 10:15:19
Мен да ошентип оорудум , Бут диагноз окшош. Температура Бир жолу болдум , негизи болбойт эч. Жыт сезбей Бир жумадан ашык журдум. Ойум жаман тарапка бурбай Сасык тумоо деп эле калдым.
+4
bekhaliev
2020-05-16 10:34:44
Ангинаны женипсинда сен
-3
KAYRATBEK
2020-05-16 13:17:35
Вурус 100% бар. Бул саясат анан политика чача-пача дегендер башынарды тазалап жууп, мээнерди обновление кылып алгыла. Козунорду чоон ачып, терениреек карап, дуйнодо эмне болуп жатканын карап ой жугуртпойсунорду. Мээни Аллах Таалам ойлонсун деп берген. Жон эле которуп журо бергидей ал дагы башынар ашкабак эмеско. Бул оору баштан отту ошого бул илдет 100%бар.
+6
Ananaska
2020-05-16 16:24:14
KAYRATBEK,бар экенин кумон санаган эч ким жок. Болгону, СМИ жана окмоттогулор аша чаап атышат.
ОРВИ сыяктуу эле оору, ОРВИ деле ар кимде ар кандай отот ошол сынары корона такая что грипп
+1
aslan_akjol89
2020-05-16 13:37:24
Болду болду,менин да бир тууганым вирустан айыкты буйруса.
+1
Diyana
2020-05-16 17:35:58
Супер инфо 2 апта мурда чыгарган жанылыгынарды кайра чыгарыпсынарда
+1
Usow
2020-05-17 07:37:27
Ар бир пендесин Аллах озу бул илдеттен сактасын ал эми ооруп жаткандарга батырраак шыфаа берсин оомин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан