Бүгүнкү күндө республика боюнча кан борборлору штаттык режимде эс алуу күндөрү дагы иштеп жатат. Кан борборлору үзгүлтүксүз иштөө менен саламаттыкты сактоо мекемелерин зарыл болгон көлөмдөгү тиешелүү каражаттар менен камсыз кылууда. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Коронавирустан улам кан берүүчүлөр кескин азайып кетти. Бирок ошого карабастан, бардык борборлордо керектүү каражаттар жетиштүү. Бүгүнкү күндө донор боло турган жаранды атайын унаа менен алып барып, алып келүү каралган", - деп айтылат маалыматта.