Кыргыз эстрада ырчысы, колунан гитара түшпөгөн Дархан Эшеналиев эсиңиздердеби? Аны көпчүлүк актёр катары жакшы тааныйт. Ал кезинде Корея толкунунда тартылган "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?" тасмасында баш каармандын ролун жаратып, көп күйөрман чогулткан. Тасманын таасири болдубу, айтор, кийинчерээк Дархан мырза Түштүк Кореяга көчүп кеткен. 5 жылдан бери ал Кореяда жашап, чыгармачылыгын улантууда. SUPER.KG порталы ырчы, актёр мырза менен бөтөн жердеги жашоосу, чыгармачылыгы жана учурдун көйгөйү болгон коронавирус эпидемиясы тууралуу баарлашты.
- Дархан, саламатсызбы? Кореяда жашап жатканыңызга 5 жыл болуптур. Ал жакка эмне максатта кеттиңиз эле?
- Саламатсыздарбы? Кореяга кетүүмө негизги себеп - Кореянын эли-жери, маданияты менен таанышуу болду. Экинчиден, "Самсунг" компаниясынын телефон чыгаруу боюнча фирмасына телефондорго боёк берүү боюнча адис катары чакыруу келип, бир жылдык келишимдин негизинде баргам. Үчүнчүдөн, келишимдин шарты, айлык акысы да жакшы болду.
- Сизди Корея кандай тосуп алды? Кандай сыноолорду басып өттүңүз?
- Мен Кореяга барарда корей тилинде жазып-окуганды билчүмүн. Албетте, жаңы келгенде тил жагынан кыйынчылыктар болду. Бул жакта практика көп болуп, өздөштүрүп кеттим. Көнө албай кыйналганым - бул корей ашканасы болду. Аябай ачуу экен. Башында көп жей алчу эмесмин. Бара-бара көнүүгө туура келди. Ал эми мен үчүн бүтпөгөн сыноо - туулган жерди сагынуу. Кыргыз өлкөсүнө жылына 1-2 жолу барып турам. Ошентсе да кыргыз элимди, жеримди, туугандарымды, досторумду саат сайын, мүнөт сайын сагына берем.
- Маектериңиздин биринде чыгармачылыгымды Кореядан улантып, кайра Кыргыз өлкөсүнө келем деген элеңиз. Планыңыз ишке аштыбы?
- Ооба, чыгармачылыгым өз нугунда жүрүп жатат. Бош учурумда жаңы ырларды жаздырып турам. Буюрса, быйыл мекениме барып ырларымды жаздырып, клип тарттырып келсемби деп пландап жатам. Анткени музыкант досторум "кайда кеттиң, ыр жаздырбайсыңбы" деп көп айтышат. Бул жакта деле гитарада ырдап жүрөм. Корей эли музыкага шыгы бар адамдарды жакшы көрүп, абдан баалашат. Андыктан корей досторум жолугуп калганда ырдап бер деп көп суранышат.
- Учурда кайсы жакта турасыз? Эмне менен алексиз?
- Мурун Инчхон деген шаарда болчумун. Келишим бүткөн соң Сеулга көчүп келип, досторум менен Кореядан чыккан продукцияларды экспорт кылуучу чакан фирма ачканбыз. Азыр ошол иш менен алекпиз.
- Ал жактагы жашоодон өзүңүзгө кандай сабак алдыңыз?
- Алыста жүргөндө майда-чүйдө нерсеге чейин баалап, кадырлап калат экенсиң. Мурун мени курчап турган айлананын кооздугуна маани берчү эмесмин. Азыр жадакалса ошол нерсе да мен үчүн баалуу. Бирок жашоодо эч нерсеге өкүнгөн жокмун. Анткени бала кезден чыгармачыл адам болсом, чыгармачыл адамдар менен дос болсом, киного тартылсам экен деп кыялданчумун. Тасмага тартылдым, ырчы болдум. Баары мен ойлогондой, пландагандай болду. Менимче, максаттын артынан баруунун өзү чоң бакыт.
- Эки өлкөнү салыштырсаңыз керек. Кандай артыкчылык, кемчиликти байкадыңыз?
- Кореянын экономикасы эле алдыда болбосо, башка жактан Кыргыз өлкөсүнө жетпейт. Корейлерге мекенибиздин жаратылышын, тоолорунун сүрөтүн көрсөтсөм, таң калышат. Аябай кооз жерде жашайт турбайсыңарбы деп суктанышат. Мен корей элинин эмгекчилдигине баа бердим. Башында келгенде 70 жаштагы кишилер 20-25 жаштагы балдар менен тең жарышып иштегенин көрүп таң калгам. Алар эч нерсеге арызданбай, эмгектенишет.
- Кореяда тасмаларда көрсөтүлгөндөй кооз, жомоктогудай жашоо өкүм сүрөбү?
- Корей сериалдарында көрсөтүлгөн жашоо башка өлкөнүн жашоочулары үчүн кыял болсо, корейлердин өзүнө деле кыял. Албетте, жазында, күзүндө аябай кооз, архитектуралары жакшы. Бирок жашоо кинодогудай эмес.
"Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?" тасмасынан кадр.
"Кореяда жашоо кинодогудай кооз эмес".
- Эми кепти учурдагы актуалдуу темага буралы. Түштүк Кореяда коронавирус кулач жайып жатат. Сеулда вирус жуктуруу коркунучу канчалык?
- Сеулда карантин боло элек, абал туруктуу. Башка шаарларда карантин жарыяланып, завод-фабрикалар жабылып, иштебей калды. Дүкөндөргө медициналык бет кап жок барууга болбойт. Аэропортто Кытайдан келген жарандарды 14 күнгө изоляторго киргизип, текшерип, анан чыгарып жатышат.
- Маегиңизге рахмат!