Окумуштуулар коронавирус инфекциясын өлтүрө турган бет кап чыгарышты

Португалиялык окумуштуулар коронавирус инфекциясынын бөлүкчөлөрүн өлтүрүүгө жардам берген бет капты чыгарышты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, мындай эмгекти Лиссабондогу Молекулярдык медицина институтунун окумуштуулары жасашкан.

Анда айтылгандай, масканын ичине кирген коронавирустун бөлүкчөлөрүнүн таасирдүүлүгүн жок кылуу - бир нече суу өткөрбөгөн катмарлардын жана атайын каптоочу инновациялык кездеменин аркасында ишке ашат.

Изилдөө учурунда окумуштуулар масканы коронавирус молекуласынын эритмесине салышкан. Бир сааттан кийин эритменин дээрлик 99 пайыз касиети жоголгон.

Окумуштуулардын айтымында, бет каптын натыйжалуулугу кеминде 50 ирет жууганда деле сакталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kuban-1207
2020-07-26 21:09:35
Калп маска эле кантип өлтүрүп ийсин вирусту
+1
Aika1988
2020-07-27 03:34:34
Kuban-1207,оа да вирус чыккандан бери ар Ким озунун товарын откормой болду го.Адамдар вирустан коргонобуз деп Ким эмне айтса алып жатышат.
+2
Nursul
2020-07-26 22:19:20
Маскадан мурда ваксинасын таап алгылачы
+2
Qwerty2018
2020-07-26 22:59:32
Бул нерсени ото жакшы нерсе деп кабыл алыш керек себеби бул жанылык менен канчалаган адамдардын умуту жанданат жашоого шыктанат. Вирусту олтурбосо деле.
+5
Kyrgyz_bloger
2020-07-27 01:29:44
Башкалар вирусту олтурууго ар нерсе ойлоп табат,кыргыздар только сындайт,текшерет.
+3
temirov76
2020-07-27 12:37:05
Kyrgyz_bloger,кыргыздардын мээси резервде турат,качан башкалардын мээси иштей берип түгөнгөндө биздин мээлер аракетке өтөт.
+1
AdylbekB84
2020-07-27 02:37:37
Башка өлкөлөр марсты текшерип башташты, анын ордунда бул маска эмне болуп калыптыр, вакцина чыгарып алышсын дейсиңер, дүйнө жүзү боюунча 23 вакцина иштелип чыктыго, просто элге текшерилип бүтөлек! Баштап биздин элдин көпчүлүгү бул корона вирустун бар экенине ишенишкен эмес, эми маска чыкты дешсе буга дагы ишенишпейт!
+2
rola
2020-07-27 07:42:14
Канча турат экен акчасы сом менен.
0
expert.007
2020-07-27 07:49:16
Ушул окумуштуулар адамдын душманы болот да. Баардык вирустарды ушулар ойлоп табышат.
-3
PROS
2020-07-27 17:40:16
Элге маска тагуунун жакшы жолун ойлоп табышыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан