Германиядан келген депутаттар Аида Касымалиева жана Абдыбек Дүйшалиев үй карантинине алынды

Германиянын борбору Берлинге барып келген депутаттар Аида Касымалиева жана Абдыбек Дүйшалиев үй карантинине алынды. Бул тууралуу Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Алар өткөн аптада Германияга иш сапары менен барган. Парламенттик делегация бүгүн Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Эки депутаттан тышкары Жогорку Кеңештин 6 кызматкери дагы 14 күнгө үй карантинине алынды. Касымалиева баардыгы өзүн жакшы сезип жатканын жазган.

Өкмөт Кыргыз мамлекетине коронавирустун чыккан учуру катталган өлкөлөрдөн келгендер үч категорияга бөлүнгөнүн, обсервация шартын бузгандар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдары менен жоопкерчиликке
тартыла турганы боюнча маалымат тараткан. Германия биринчи категорияга кирет.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, транзит менен Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испанияда акыркы 30 күн ичинде болгон чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз өлкөсүнө киришине тыюу салынат. Кыргыз жарандары I категорияга кирген мамлекеттерде болуп же ал жактардан транзит менен келсе, атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет. Бул ID-карта жана бардык паспорттордун ээлерине тиешелүү. Ал эми жогоруда саналган өлкөлөрдө акыркы 30 күн ичинде болбогон чет элдик жана Кыргыз жарандары атайын текшерүүдөн өтүп, Кыргыз мамлекетине кирсе болот.

Категориялар боюнча өзгөрүүлөр эртең, 14-марттан тарта күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bars88
2020-03-13 16:27:06
Уй карантинин ким текшерет алар кафелем журушсо керек азыр.Андан коро ак уйго киргизип бардык депутаттарга карантин киргизишсе
+8
Wibee
2020-03-13 21:05:54
Bars88,120 чимкирике жукканда эле
+2
aydinnur
2020-03-13 16:58:02
Жаны эле жаздым эле,кайдагы уй карантин,элден болуп,больницага обсевацияга алыш керек болчу буларды..Бул да болсо биздеги алсыз абалдан,чиновниктердин мыйзамды уруп ойнобогонунан кабар берет.
+6
zzz---zzz
2020-03-13 17:19:06
Германияда эмне бар эле аларга
+4
Uli6886
2020-03-13 17:20:14
Аида өзү билип эле карантинге кириш керек болчу ооруканага.
+4
adiaza
2020-03-13 21:54:41
Уй карантин дегенди кандай тушунсо болот, бул да шалакылычылык, ошондо уйундогулор эч жака чыгышпайт го
+3
pero5184
2020-03-14 00:11:37
Үйгө да карантин болот бекен , биринси угушум .Германияга барбай турушса болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан