Ала-Букада вакцина алган 44 жоокердин окуясы: Министрлер кабинети жагдайды иликтөөнү тапшырды

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалганы кабарланган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн, 7-августта Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жогорудагы окуя боюнча маселеге токтолду.

"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ала-Букадагы AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин абалы начарлап кеткен аскер кызматкерлерине тынчсыздануусун билдирди. Ал жагдайды иликтеп, терс таасирлердин келип чыгуу себептерин аныктап чыгууну тапшырды", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2021-08-07 18:38:42
Бийлик булар Бир Нерсе жеген десе керек
+2
Gold81
2021-08-07 20:40:35
AstraZeneca вакцинасы ото кооптуу! Аны биздин мамлекетке эксперимент катары алып келиши мумкун. Бул вакцинаны алган алгачкы адамдар канчасы олгон! Биздин министирликтин бул жонундо маалыматы болуш керек эле! Эн жакшысы Россиянын вакциналарын алганыбыз жакшы!!!
+3
KaGaH
2021-08-07 23:18:25
Вакцинация добровольно болуш керек, принудительная вакцинация бул нарушение прав человека,колдон келсе вакцинация албагыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан