Кытайдын Пекин шаарында 14-февралдан баштап борборго келген жарандарга шарттуу түрдө 14 күндүк карантин жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"14-февралдан баштап борборго келип жаткан жарандар 14 күн үйүндө же медициналык борборлордо көзөмөлдө болушу шарт. Кимде ким бул шарттан баш тартса, ал мыйзам боюнча жазага тартылат", - деп жазылат маалыматта.
Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 669га жетсе ал эми вирусту жуктуруп алгандардын саны 69 миң 186 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 669 жаран көз жумган. Ооруканадан 9 554 жаран дарыланып чыгышкан.