Кытайда бир суткада 2 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир суткада 8 бейтап оорудан айыкты. Коронавирус Шанхайда жана Фуцзянь провинциясында аныкталды. Кытайда жалпысынан 84 миң 105 кишиден коронавирус аныкталган. Анын 79 миң 367си оорудан айыккан. 4 миң 638 адам каза болгон.