Канададан келген Кыргыз жараны 13-мартта инфекциялык ооруканага жеткирилип, коронавируска тест тапшырганы кабарланган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы тесттин жыйынтыгы чыкканын айтты.
"Медициналык тесттин жыйынтыгы чыгып, коронавирустун белгилери аныкталган жок. Бейтаптын абалы канааттандырарлык", - дейт маалымат катчы.
Буга чейин Канададан келген Кыргыз жараны эл аралык конференцияга катышып, анда катышуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени айтылган. Мындан улам Кыргыз жараны "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.