Жалпы 495. Облустар боюнча стационарларда канча бейтап дарыланып жатат? (статистика)

10-июнга карата өлкөдөгү стационарларда 495 бейтап коронавируска каршы дарыланууда. Анын ичинен 2 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 1 миң 671 адам обсервацияда калууда.

Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 982 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы 11 жаран (Бишкекте 8, Чүйдө 3) каза болду. Калган 262 бейтап дарыланып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 482. Анын 200ү облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 163 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 34 бейтап (Араван аймактык ооруканасында 6, Алай аймактык ооруканасында 1, Кара-Кулжа аймактык ооруканасында 3, Ноокат аймактык ооруканасында 10, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 9, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.

Ош шаарында 282. Анын 195 бейтабы илдеттен арылса, жетөө каза болду. Стационарларда 80 бейтап дарыланууда (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 37, Ош облустук ооруканасында 32, Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 10, Ош шаардык атайын ооруканасында 1).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 173. Бүгүнкү күндө анын 161 бейтабы айыгып, 1 бейтап каза болду. Калган 11 бейтап стационарларда калууда (Аксыдагы аймактык ооруканада 1, Жалал-Абад облустук ооруканасында 10).

Нарында жалпы 401. Анын ичинен 303 жаран сакайып, төртөө каза болду. 94 бейтап дарылануусун улантып жатат (Нарын облустук ооруканасында 73, Нарындагы үй-бүлөлүк медициналык жайында 2, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 1, Ат-Башы аймактык ооруканасында 1, Кочкор аймактык ооруканасында 17).

Баткен облусунда жалпы 32. Анын 27 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 4 жаран Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында, бирөө Кадамжай аймактык ооруканасында калууда.

Ысык-Көлдө жалпы 22. Анын 14 бейтабы айыкса калган 8 жаран облустук ооруканасында жатат. Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.

Талас облусунда 10-июнга карата биринчи жолу коронавирус катталды. Илдетти облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери жуктуруп алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан