Индиядагы 15 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келишти

Индиянын Гоа штатындагы жана Дели шаарындагы 15 Кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу Казакстандын өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылды. Алар атайын борт менен Казакстандын жарандары менен кошо эвакуацияланганын республикалык штабдан кабарлашты.

"Кыргыз жарандары Тараз шаарындагы эл аралык аэропортунан атайын транспорт менен Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда бүгүн, 4-апрелде өлкөгө келишти. Учурда алар обсервацияда жатышат. Чет мамлекеттерде калган Кыргыз жарандарын мекенге кайтаруунун жолдорун издөө боюнча иш уланып жатат, анын ичинде өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте жана колдоосунда иш-аракеттерди уюштуруу жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

21-мартта Индиянын Хайдарабад шаарында Кыргыз өлкөсүнүн 11 жараны коронавируска шектелип карантинге алынса, 23-мартта Бихар штатынын Патна шаарындагы мечиттен Кыргыз өлкөсүнүн 10 жараны коронавируска шектелип кармалганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nuke-85-85
2020-04-04 17:01:33
Аларды срочно 2 айга карантинге алгыла.
+13
bond02
2020-04-04 17:27:14
Ошондо 21 кишинин баарында вирус барбы?
+5
Nuri1988Elim2010
2020-04-04 17:32:38
Ушул убакка чейин кантип жашаса жашай берсин эледа, алар дааватка барышкандар
А РФ мекендештерибиз жатышатго унчугушпай эле, айласы жоктор келишти,
Буларды таза деп коё бергиле анан артынан издегиле
+7
AruukyzymTunugum
2020-04-04 23:50:53
Nuri1988Elim2010,билбей эле жаза берген туура эмес го. Ошол индиядан келген кыргыздардын арасында бир эже бар эки баласы менен.бир баласы донор, бир баласы после пересадка уход кылганга кеткен. Боорун алмаштырам деп барып, боорун алмаштыра албай аран келди. Карантин бутсо кайра барышат
0
Luna15
2020-04-04 17:38:42
Шумшуктор экенго:(((
+7
abusait
2020-04-04 19:02:12
Luna15,Ким экенин толук билбей туруп дооруй бербегилечи. Балким булар официалду иштеген дипломат же студенттер алардын уй булолору болушу мумкун.
-4
Nurik1988
2020-04-04 18:55:11
Кызчу жеринерди кызып оз жеринерде оз уйунордо дуба кылып отура бербейсинерби. Ушунчалык сооп иштегинер келсе индияга барган каражатынарга жеттим жесирлерге карылар уйуно берип деле сооп иштерди кылсанар болмок темселебей
+8
Tynar1213
2020-04-04 19:44:23
Nurik1988,сен алкоголь темекиге кетирген акчаңды неге бербейсиң
-8
Nuri1988Elim2010
2020-04-04 21:14:07
Nurik1988, эң туура, ушинтип кайдагы нерселерди алып келип жатышат. Ушулардан көрө мигранттары кызды ойлосок болмок, алар кантишти экен, бир ай иштешпесе кантип жашашат. Буларга окшогондор мамлекеттин, элдин тынчылыгын уруп ойнобойт
+5
Nuri1988Elim2010
2020-04-04 21:14:58
Nuri1988Elim2010,мигранттарыбызды деп жазгам
+2
AruukyzymTunugum
2020-04-04 23:52:36
Nurik1988,баары эле дааватчылар эмес. Элден, кайрымдуулук иштеринен жарым жыл чуркап журуп аран каражат топтоп ден соолуктун айынан баргандар да бар
0
Kairat1996
2020-04-04 19:10:01
Биздин жаштарды Аравия, Пакистанга барып сыйынгандарды токтотуш керек. Пайда жок.
+5
Zhoro
2020-04-04 19:21:22
Москвадагыларды качан алып кетесинер
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан