Талас шаарынын мэри гуманитардык жардам үчүн берилген 700 миң сомду өзүмдүк кылып алууга шектелүүдө

Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков гуманитардык жардамга бөлүнгөн акчаны өзүмдүк кылып алды деп шектелүүдө. Бул маалыматты Талас облустук администрациясынын басма сөз катчысы ырастады.

"Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков өкмөт тарабынан Талас облусуна гуманитардык жардам катары бөлүнгөн 700 миң сомду өзүмдүк кылып алды деп шектелүүдө. Тагыраагы, бул акчага алар азык-түлүк алышкан. Эсептеп келгенде азыктын өлчөмү кем болуп чыккан. Мэр ошол иш боюнча шектелип жатат. Бул боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча мэр кармалган жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми УКМКга бул окуя боюнча байланышканыбызда бул маалымат туура эмес экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uli1234
2020-04-29 22:40:54
Ана жуп жутарлар кыйынчылык маалда кылган кылыктарын
+7
Birimdik5555
2020-04-30 00:23:16
Москвага деле жети областын биримдиги он миллион жонотуптур,посольства коп балалууларга анан инвалиддерге продукты кылып беребиз деп айтыптыр. Продуктасын алгандар минге жетпеген эле кичине азык тулук дешти. Ошондо кеминде жуз мин адамга ошол продуктаны беришсе калганы каяка кетет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан