Бүгүн, 15-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өткөрүштү.
Жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирустан жабыркап жаткандарды айыктыруу дагы орчундуу маселе болуп жатканын белгиледи.
"Кечээ, 14-апрелде Ош шаарына жана Ноокат районуна өзүм баштаган дарыгерлер тобу келдик. Ал топтун ичинде инфекциялык оорулар кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Айнура Кутманова баш болгон реаниматологдор дагы бар. Биз учурда ооруп жаткан бейтаптарды тез сакайтуу үчүн жана толук байланыш түзгөн адамдарды таап, өзгөчө тартипте иш жүргүзүүнү улантып жатабыз. Биздин максат оорудан жабыркап жаткандарды сакайтуу. Экинчиден, эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу жана илдеттин жайылышына бөгөт коюу иштерин күчөтүү", - дейт Мадамин Каратаев.